super.kg logo

Блогер Даванын видеосу. Абакта жаткан Айнуранын апасына Юстиция министрлиги жардам берет

 

Юстиция министрлиги Айнуранын түрмөдө отурган апасына укуктук жардам берет. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

"Азыркы учурда министрлик Айнуранын апасынын жана Ак үйдүн алдына пикетке чыккан аялдын ишин карап жатат. Юстиция министрлиги ушул жана башка иштер боюнча көйгөйлүү кырдаалдарга мониторинг жүргүзөт жана мүмкүн болгон юридикалык колдоо көрсөтүү үчүн жардам берет", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Давид Манукян соода борборунан жайкы кийим издеп жүрүп, кыргыз кызын жолуктуруп калган. Андан соң кызга Дубайга командасы менен чогуу саякаттап келүү сунушун киргизген.

Блогер кыргыз кызы менен болгон маектешүүсүндө ал апасы абакта экенин анын карыздарын төлөп жана үй-бүлөсүн акча менен камсыз кылыш керектигин айтып ыйлаган. Мындан улам блогер Кыргыз өлкөсүнө келип кыздын карыздарын төлөп, апасын абактан чыгарууга жардам берерин айткан.

Ал эми бүгүн, 7-декабрда блогер Давид Манукян Дубай шаарына эс алууга жолдомо жана Айфон 13 үлгүсүндөгү уюлдук телефон белек кылган Кыргыз жарандары менен Дубай шаарына кетишкен.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
08.12.2021. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Красава Дава
08.12.2021. 07:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллахым ыраазы болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: