Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 874 миллион метр кубду түздү
7-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 874 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Бүгүн, 7-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 874 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 147 метр куб, агып чыгышы 422 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Былтыр, 2020-жылдын 7-декабрында Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13 миллиард 489 миллион метр кубду түзгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:37
2025-07-23

20:12
2025-07-23

14:35
2025-07-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.