super.kg logo

Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, Бакытбек Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесин Жогорку Кеңеш чечет

 
Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакытбек Жетигенов боюнча Жогорку Кеңешке сунуштамаларды Башкы прокурор жөнөттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбековго жана Төрөбай Зулпукаровго "коррупция", Бакытбек Жетигеновго "бийликти курал колдонуп күч менен басып алууга даярдык көрүү" беренеси боюнча шектелгендиктери тууралуу кабарламалар берилип, сот тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулган. 2021-жылдын 1-декабрына чейин иштеген Жогорку Кеңештин аталган депутаттарын жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокурор 24 жана 29-ноябрда Жогорку Кеңешке тиешелүү сунуштамаларды киргизген.
Башкы прокурордун сунуштамаларынын кароонун жыйынтыгы менен Жогорку Кеңеш өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында карап добуш берүү жолу менен жогорудагы депутаттарды Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү же макулдук берүүдөн баш тартуу чечимин кабыл алат. Кылмыш иши боюнча процессуалдык чечим, Жогорку Кеңешинин чечиминин негизинде алынат.
Тактап айтканда, Жогорку Кеңеш макулдук берген учурда көрсөтүлгөн депутаттар кылмыш жоопкерчилигине тартылышат, ал эми макулдук берүүдөн баш тартуусу, депутаттардын камактан бошотулушуна негиз болот жана алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин аларга карата иш өндүрүштөн убактылуу токтотулат", - деп жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
07.12.2021. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундай картип болсун
08.12.2021. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул депутаттар аларды жон эле колдоп берет
08.12.2021. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Күнөөсү барбы? Жазасын алыш керекда!!! (Аларрдыкы ак бекен) Элдин башын айлантпай иштесеңер таза иштегиле мыйзам баарына бирдей болуш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: