super.kg logo
  Спорт  

Чемпиондор Лигасы: Плей-офф баскычына чыккан 12 команда аныкталды (тизме)

 

Бүгүн, 8-декабрга караган түнү Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычынын 6-турдук оюндары болуп өттү.

Анда "А" тайпасында "Лейпциг" өз үйүндө "Манчестер Сити" клубун 2:1 эсебинде утуп алды. Германиялык клубдан голдорду Доминик Собослаи (24-мүнөттө) жана Андре Силва (71) киргизсе, коноктордон 76-мүнөттө Рияд Марез айырмаланды.

Ушул эле тайпадагы параллель беттеште Килиан Мбаппе менен Лионель Мессинин эки голу "ПСЖ" клубун "Брюггени" 4:1 эсебинде жеңүүгө мүмкүндүк берди. Месси карьерасындагы 758-голун киргизип, голдорунун саны боюнча Пеледен ашты.

"В" тайпасында "Атлетико Мадрид" конокто "Портуну" 3:1 эсебинде утуп алды. Мадриддик командадан Антуан Гризманн, Анхель Корреа жана Родриго Де Пауль гол жаратса, үй ээлеринен Серхио Оливейра (90+6) пенальтиден жалгыз голду киргизди.

"С" тайпасындагы төрттүктө "Боруссия Дортмунд" өз үйүндө "Бешикташ" клубун жеңди. Жолугушуу 5:0 эсебинде үй ээлеринин пайдасында аяктады.

Ушул эле тайпадагы экинчи оюнда "Аякс" лиссабондук "Спортингди" 4:2 эсебинде утуп алды.

"D" тайпасында "Реал Мадрид" өз үйүндө "Интерди" 2:0 эсебинде утуп алды. Голдорду Тони Кроос менен Марко Асенсио киргизди.

Параллель беттешүүдө мөөнөтүнөн мурда Европа Лигасынын плей-офф баскычына чыгууну камсыздаган "Шериф" клубу украиналык "Шахтёр" менен конокто тең чыкты - 1:1.

Бул оюндардан кийин Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычына чыккан 12 команда белгилүү болду. Алар: "Манчестер Сити", "ПСЖ", "Ливерпуль", "Атлетико", "Аякс", "Спортинг", "Реал Мадрид", "Интер", "Бавария", "Манчестер Юнайтед", "Челси" жана "Ювентус".

Тайпалык баскычтын калган оюндары бүгүн, 8-декабрь күнү орун алат. Анда плей-офф баскычына чыккан дагы 4 команда аныкталат.

Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын чүчүкулак аземи 13-декабрда өтөт. 1/8 финалдын алгачкы оюндары 15-16 жана 22-23-февралга белгиленген. Жооптук беттештер 8-9 жана 15-16-март күндөрү өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.12.2021. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бугун Барса учса керек себеби кучтуу дейилген Бавариянын уйуно барып утуш керек бул жомок сыяктуу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: