super.kg logo

Улуттук статистикалык комитет: "Өлкөдө ар бир бешинчи ымыркай никеси жок энелерден төрөлгөн"

 


2020-жылы жарык дүйнөгө келген ар бир бешинчи ымыркай никеси жок энелерден төрөлгөн. 2016-жылы ар бир төртүнчү наристе никесиз төрөлгөнүн Улуттук статистикалык комитеттен кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, Кыргыз жергесинде калктын жаш курактык курамына ээ болгон никелерге туруу жыштыгы жогору. 2020-жылы COVID-19 пандемиясы учурундагы чектөөлөрдөн улам никелердин саны 2019-жылга салыштырмалуу 20 пайызга кыскарган. Ошол эле учурда шаардагы калктуу конуштары менен айыл жериндеги никелердин саны боюнча айырмачылыктар белгиленген эмес.

"Никелердин эң көп саны аялдардын арасында да, эркектердин арасында да 20-29 жашта катталат.

Бардык эле түзүлгөн үй-бүлө бекем сакталбайт. Алардын дээрлик ар бир тѳртүнчүсү ажырашат - айыл жеринде 1 000 никеге 162 ажырашуу туура келсе, ал эми шаардагы калктуу конуштарда алар 2,2 эсеге кѳп".

2020-жылы жаш курактык топтор боюнча биринчи жолу никеге тургандардын саны

2020-жылы аялдарда биринчи никеге туруудагы орточо жаш курак 23 жашты, эркектерде 27 жашты түзгөн.

"Былтыр 39 миң 747 нике катталган. Анын ичинен 344 кыргыз жигити Өзбекстандын жарандыгына ээ болгон кыздар менен, ал эми 201 нике Орусиянын жарандыгына ээ болгон кыздар менен нике кыйдырышкан. Ошол эле учурда 322 кыргыз кызы Орусиянын жарандыгына ээ жигиттер менен жана 53 айым Өзбекстандын жарандыгына ээ болгон жигиттер менен баш кошушкан.

2020-жылы ар бир бешинчи жаңы төрөлгөн ымыркай никеси жок энелерден төрөлгөн, ал эми 2016-жылы ар бир төртүнчүсү болчу. 2020-жылы юридикалык эмес никеде төрөлгөн балдардын ичинен 15 миң ымыркай ата-энелердин биргелешкен арызы боюнча катталышкан жана 15 миңге жакын бала энесинин гана арызы боюнча катталган, бул балдар атасыз үй-бүлөдө тарбияланышы ыктымал. Никесиз төрөлгөн балдар негизинен 20–35 жаш курактагы энелерден төрөлүп жатат", - деп айтылат комитеттин маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
08.12.2021. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар бир бешинчи никесиз дейби, бул мамлекеттин келечеги үчүн коркунучтуу. Эротикалык сайттарды жабыш керек
08.12.2021. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Булар нике деп ЗАГСты айтып жатса керек. Негизи молдо нике кыйып берсе никеси бар болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: