super.kg logo

Казань шаарында каза болгон кыргыз кызы: Анын сөөгү мекенине жөнөтүлдү

 

Орусиянын Казань шаарында көп кабаттуу үйдөн кулап каза болгон 19 жаштагы кыргыз кызынын сөөгү мекенине жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.

"Окуяны Казань шаарынын Москва районунун тергөө органдары иликтеп жатат. Учурда өлүмдүн жагдайы иликтенүүдө. Элчилик Татарстандын укук коргоо органдары менен байланышта.
Элчилик маркумдун апасы менен байланышта, ал кызынын өлүмү тууралуу массалык маалымат каражаттарына таратпоону суранган. Апасына маркумдун сөөгүн Кыргыз өлкөсүнө жөнөтүүнүн тартиби боюнча кеңештер өз убагында берилген. Сөөк 2021-жылдын 5-декабрында Москва аркылуу Кыргыз өлкөсүнө жөнөтүлгөн", - деп билдиришти элчиликтен.

Элчилик этикалык нормаларды жана жеке адамдардын укуктарын сактоо максатында айрым фактылар ачыкка чыкпай тургандыгын билдирди.

Буга чейин Казань шаарындагы көп кабаттуу үйдөн 19 жаштагы кыргыз кызы кулап каза болгондугу кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: