super.kg logo

Садыр Жапаров телекөрсөтүү жана радиоуктуруу кызматкерлерин кесиптик күнү менен куттуктады

 

Президент Садыр Жапаров телекөрсөтүү жана радиоуктуруу кызматкерлерин кесиптик күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктаймын. Маалымат таратуунун ыкмалары жана элге жеткирүүнүн жолдору өнүгүп, атаандаштык күч алып жаткан мезгилде cиздер аркалаган кесиптин орду өтө бийик.

Өнүгүүнүн демократиялык жолунда бара жаткан өлкөбүздө коом турмушундагы окуяларды чебер чагылдыруу, аны бейтараптык жана калыстык менен айкалыштыруу бир топ эмгекти талап кылат. Эң негизгиси, сиздер коомдук пикирди калыптандырууда өрнөк боло турган туура багыт аркылуу элге таалим-тарбия берип, агартуу жаатында дагы чоң милдетти аткарып келесиздер. Ошондуктан биринчи кезекте, элдин купулуна толгон жагымдуу жаңылыктар, таасирлүү каармандар тууралуу жогорку деңгээлдеги берүүлөрдүн көп болуусуна тилектешмин.

Жашап жаткан доорубузда не деген олуттуу окуялар, жетишкендиктер болуп жатат, эл ичинде ар кыл кесиптин не деген мыкты ээлери бар. Алар - сиздердин маектешиңер, ал турсун сырдашыңар болуп келүүдө. Алар менен калкты байланыштырып, телеберүүлөрдүн, радиоуктуруулардын сапатын көтөрүү сиздердин колуңуздарда.

Ошол эле учурда биз эфир сыртында эмгектенген кызматкерлерди да унутпашыбыз керек. Алар обого чыкпаса да, сапаттуу материал даярдоодогу орду өтө чоң.

Ошону менен катар мамлекет жарандарыбыздын маданий жана маалыматтык керектөөлөрүн телерадио берүү каражаттары аркылуу канааттандыруу үчүн бардык шарттарды түзүп, ар тараптан колдоо аракетинде экенин белгилейм.

Урматтуу телекөрсөтүү жана радио уктуруу кызматкерлери!

Сиздердин ишиңерге болгон кесипкөй, жаратман, олуттуу мамилеңер мекен тынчтыгын, эл ынтымагын сактоого, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошо берерине ишенем.

Бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктаймын. Өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошуудагы ары кызыктуу, ары түйшүктүү ишиңерди албан-албан ийгиликтер коштосун. Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт тилейм. Кесипкөй ишмердигиңиздер арта берсин", - деп жазылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: