Улуттук банк 71 миллондон ашык доллар сатып, рекорд жаратты
Улуттук банк кечээ, 7-декабрда 71 миллион 300 миң АКШ долларын сатты. Мындай маалымат Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланды.
Бул 2021-жылдын башынан бери доллар сатуунун эң чоң көлөмү. Буга чейинки рекорддук көрсөткүч 23-ноябрда катталган. Анда Улуттук банк 70 миллион 300 миң доллар саткан болчу. Муну менен быйылкы жылдын эсебинен 14 жолу интервенция жасалды. Бул аралыкта сатылган доллардын суммасы 633 миллионго жетти.
Акыркы жолу 26-ноябрда Улуттук банк валюта рыногуна чыгып, 44 миллион 650 миң долларды саткан. Жыл башынан бери регулятор сомдун курсун тегиздөө үчүн 633 миллион доллар короткон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:37
2025-07-23

20:12
2025-07-23

14:35
2025-07-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Tursunbaev1978

08.12.2021. 14:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаңы башчы только сатып ататко,эртең улуттук банк бош,курук калбаса болду
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.