super.kg logo

Жогорку Кеңештин 3 депутатын кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын өтүнүчү канааттандырылган жок

 

Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, Бакытбек Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесин кароо боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия чечим кабыл алды. Ага ылайык, Башкы прокуратуранын келтирген өтүнүчүн комиссия канааттандырган жок. Бул туурасында комиссиянын мүчөсү Эмил Токтошев тарабынан белгилүү болду.

"Башкы прокуратуранын аты аталган депутаттарга кылмыш ишин козгоо катына Жогорку Кеңеште түзүлгөн комиссия макулдугун берген жок", - деди ал.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаровго "коррупция", Бакытбек Жетигеновго "бийликти курал колдонуп күч менен басып алууга даярдык көрүү" беренелери боюнча сот тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулган. 2021-жылдын 1-декабрына чейин иштеген Жогорку Кеңештин аталган депутаттарын жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн башкы прокурор 24 жана 29-ноябрда Жогорку Кеңешке тиешелүү сунуштамаларды киргизген.






Даванын видеосунан кийин Айнуранын апасына Юстиция министрлиги жардам бермей болду

Автор: Клара Кудайбергенова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
08.12.2021. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Депутат депутаттын көзүн чукубайт болуп жатабы?Мына депутаттардын жүзү!Күмтөргө добуш берген,мөңгүлөрдү талкалаганга добуш берген баардык депутаттарды камашы керек
08.12.2021. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки дос айрып салабыз, жыртып салабыз ким коррупцияга аралашса жазасын алат деп бийлике келбедиңер беле? Бул жагы болбой калдыбы?
Өзүңөрдү ойлоп жатасыңар ээ.

90-95% эл колдоп силерди бийлике алып келген.Бара бара элдин ишеними жоголуп баратат силерге.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: