Депутат электр энергиясын үнөмдөө боюнча кандай иштер аткарылып жатканын сурады
Бүгүн, 8-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Саматбек Ибраев электр энергиясын үнөмдөө боюнча кандай иштер аткарылып жатканын сурады.
Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев бул боюнча программа даярдалып жатканын айтты.
"Кыргыз Республикасынын энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам кабыл алынса, биз министрлик тараптан электр энергиясын үнөмдөө боюнча программасын даярдап баштадык. Биз ал жакка министрликтин эле көз карашы эмес, эл аралык мекемелер менен ишти баштадык. Мыйзам кабыл алынса, ушул программаны бүтүрүп, иштей баштайбыз", - деди ал.
Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (“энергияны үнөмдөө жөнүндө”, “имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатат.

