Чолпон-Атада райондук электр тармактарынын башчысы майнинг ферма уюштуруп электр энергиясын уурдаган
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында райондук электр тармактарынын башчысы тарабынан криптовалютаны өндүрүү үчүн майнинг ферма уюштуруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чолпон-Ата шаарында жайгашкан үйдө көрсөтүлгөн майнинг ферма электр эсептегичти айланып туташтырылгандыктан, бир топ көлөмдө электр энергиясын уурдоо фактысы аныкталган.
"Белгилей кетсек, И.А.Ж. узак убакыт бою Чолпон-Ата РЭТте ар кандай кызматтарда иштеп, 2021-жылдын 8-декабрынан тарта аталган уюмдун башчысы болуп дайындалган. Ал энергетика тармагында иштеп жатып, суунун аздыгынан улам республикада энергетикалык каатчылык болуп жатканына карабастан, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, электр энергиясын уурдап, муну менен Кыргыз өлкөсүнүн энергетикалык коопсуздугуна зыян келтирген.
Азыркы учурда бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдарын тергөөнүн алкагында, келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоону камтыган зарыл болгон ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп жазылган маалыматта.

