Шайлоо: "Бири-бирибизге ден соолук кааладык". Мелис Турганбаев менен Дастан Бекешев жолугушту
Жогорку Кеңештин депутаттыгына Бишкектин Октябрь райондук округунан талапкер болгон Мелис Турганбаев менен Дастан Бекешев элдешти. Бул тууралуу Дастан Бекешев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Шайлоодон кийин бардык талапкерлер пикир келишпестиктерин жоюшу керек. Ошондуктан Мелис байке менен жолуктук. Октябрь районунун көйгөйлөрүн айтып, бири-бирибизге ден соолук кааладык", - деп жазды ал.
Буга чейин Мелис Турганбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Дастан Бекешев жана анын командасы тарабынан шайлоодо мыйзам бузуулар болгонун белгилеген. Тактап айтканда, үгүт иштерин каржылоодогу мыйзам бузуулар катталганын, Дастан Бекешев жашы жете электерди үгүт иштерине тарткандыгы айтылган.
Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында БШК төрайымы Нуржан Шайылдабекова жумушчу топ тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алынганын айтып, Дастан Бекешевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнө жазуу жүзүндө эскертүү жана айып пул салынганын билдирген.

