super.kg logo

Пенсияны жогорулатууга Социалдык фонддон 770 миллион сом каралууда

 

Жогорку Кеңештин жыйынында социалдык фонддун өкүлдөрүнө депутаттар тарабынан пенсионерлердин маселелери боюнча суроолор берилди.

Депутат Айнура Осмонова: "Учурда азык-түлүк жана башка керектелүүчү товарлардын баалары кескин көтөрүлүп жаткандыгына байланыштуу татыктуу жашабай эле күн өткөрүп жаткандар бар. Пенсионерлердин даттануусу толтура. Эгер бул маселени карабасаңыздар эл жакырланып бүтөт”, - дейт.

Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиев Жаңы жылдан баштап пенсияны жогорулатууну карап жатканын белгиледи. "Пенсиянын минималдуу өлчөмү 5683 сом, аны республика боюнча 354 миң киши алат. Ал эми 357 адам 6340 сом алат. 2022-жылдан баштап пенсияларды көтөргөнгө 770 миллион сом карап жатабыз. Жыл сайын пенсияга 500 сомдон кошулуп келет".

Ал эми депутат Рада Туманбаева: "Аялдар 58, эркектер 63 жашында пенсияга чыгышат. Баарына эле пенсия алганды насип этпейт экен. Топтоп коюп албай калгандар болду", - дейт.

Социалдык фонддун өкүлү мыйзам ченемине ылайык, мындай учурда маркумдун балдарына же жакын туугандарына фонддо топтолгон акчасы берилерин белгиледи. Быйыл 91 адамга 600 миң сом төлөнүп берилгенин кошумчалады.

Мындан тышкары чет өлкөдөгү мигранттардын пенсиясы тууралуу маселе көтөрүлүп, бул боюнча келишим 2022-жылдан баштап иштеп баштаары айтылды. Мигранттар тапкан каражатына жараша убагы келгенде пенсияга чыгышат. Ошол эле учурда Түркия жана Корея менен сүйлөшүүлөр бар. Ал жактарда легалдуу иштеген гана кыргыздар пенсия ала алышары маалымдалды жыйында.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары пенсияга чыгууну жөнөкөйлөштүрүү боюнча мыйзам кабыл алышкан. Ал мыйзам азыр өкмөттө каралып жаткандыгын Социалдык фонддун өкүлдөрү билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: