Казакстандын Токтогул суу сактагычынан сугат суу алганы боюнча энергетиктер түшүндүрмө беришти
Коңшу Казакстан Токтогул суу сактагычынан сугат маалында суу алган. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин жолугушуусу учурунда айтылганы, коңшу тарап ыраазычылык билдиргени коңшу өлкөнүн өкмөт башчысынын расмий сайтында жазылат.
Министрлер кабинети Акылбек Жапаров менен Аскар Маминдин жолугушуусу тууралуу билдирүү таратты. Бирок анда Токтогул суу сактагычынан сууну кошумча агызуу боюнча сүйлөшүү айтылган эмес.
Ал арада "Улуттук энергетикалык холдинг" түшүндүрүү жасады. Анда коңшу өлкө менен товар алмашуу боюнча келишимге ушул жылдын март айында кол коюлганы айтылат.
"Суу ресурстарын сактоо жана Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн кескин жоготууга жол бербөө максатында март айында Казакстандын энергетикалык компаниялары менен электр энергиясын өз ара жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн.
Жетишилген келишимге ылайык, жайында Токтогул ГЭСинен суу чыгарылган. Казакстан суу үчүн кышкысын электр энергиясын берип турат. Бардыгы болуп "Электр станциялары" ишканасы менен Казакстандын энергетикалык компаниясынын ортосунда 900 миллион кВт/саат электр энергиясын өз ара жеткирүү келишими түзүлгөн.
Бүгүн, 8-декабрга карата Казакстандын энергетика тутумунан электр энергиясын өз ара берүүлөрдүн алкагында 616,4 миллион кВт/саат электр энергиясы алынды", - деп айтылат холдингдин маалыматында.



Учунчудон Акылбек Жапаров болсо болбосо да эртели кеч Акаев менен Бакиевге окшоп кочукко тебилет Садыр Жапаров...
Казахстан токту бекер бербесе керек. Бекер болгон кундо да, Казахстан карызын толоп бутойун деп калыптыр. А суу сактагычта суу ото аз. Мындан чыкты, бийлик суу берип ток алгыча, сууну бербей токту озу ондургондо бугунку кризис болбосо керек эле деп ойлоп койдум......
Жапаров менен Ташиев сууну сатса, Алладан болду баары деп отура бер, сабатсыз наадан!