Салык кызматына 350 планшет эмне үчүн керек? Мекеменин жообу
Мамлекеттик салык кызматы 7-декабрда мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу тийиштүү техникалык талаптары менен 350 даана планшет сатып алууга конкурс жарыялады. Мынча сандагы планшеттер рейддик салык контролун жүргүзгөн аймактык салык органдарынын кызматкерлери үчүн керектелет. Бул туурасында аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Азыркы учурда Салык кызматы "Ишкердик субъекттердин жайгашуусунун санариптик картасы" долбоорунун алкагында Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында жайгашкан соода, жумуштар жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү объекттердин жана ишкерлердин жайгашуу картасын түзүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Кийинки этапта ушундай эле иштер республиканын калган бардык шаарларында жана калктуу конуштарында жүргүзүлөт", - дешет маалымат кызматынан.
Салык кызматы ошондой эле маалыматты издөөгө же кагаз жүзүндөгү документтерди толтурууга кеткен убакытты үнөмдөөчү "Электрондук салыктык көзөмөл" системасын иштеп чыгууда.
"Системада контролдук-рейддик иш-чараларды өткөрүүдөгү зарыл болгон маалымат базасы жайгаштырылат. Мындан тышкары система керектүү маалыматтарды киргизгенден кийин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча автоматтык түрдө акт түзөт. Мында салык төлөөчү электрондук-графикалык кол тамга же eID жардамы менен кол коюу функциясы аркылуу электрондук документке кол коё алат. Бул жол-жобону техникалык жактан ишке ашыруу үчүн планшет тиешелүү мүнөздөмөлөргө жана параметрлерге ээ болушу керек. Жогоруда белгиленген максатта сатып алынган планшеттерде видеокамералар, электрондук паспортторду жана смарт-карталарды окугуч, аутентификациянын биометрикалык системасы, электрондук калем (планшет үчүн калем), кол боосу жана кулакчын үчүн уяча, USB, microHDMI, ошондой эле зымсыз коммуникациялардын (Wi-Fi, 3G, 4G) функциялары болушу керек", - дешти мекемеден.
Белгилей кетсек, "Электрондук салыктык контроль" системасы "СМАРТ Салым" салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

