Элчилик: "Орусиянын Казань шаарында көп кабаттуу үйдөн кулап каза болгон 19 жаштагы кыргыз кызы зордукталган эмес"
Орусиянын Казань шаарында көп кабаттуу үйдөн кулап каза болгон 19 жаштагы кыргыз кызы зордукталган эмес. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.
"Тилекке каршы, массалык маалымат каражаттар жана социалдык тармактардын колдонуучулары көп кабаттуу турак жайдан кулап каза болгон кыз тууралуу такталбаган, туура эмес маалыматтарды таратууда. Ар кандай версиялар, ушак-айың кептер айтылууда.
Элчилик Казань шаарындагы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү менен такай байланышып жатат. Тиешелүү суроо-талаптар Орусиянын укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип, бир катар экспертизалар дайындалган, жыйынтыгы 30 күндөн кийин белгилүү болот. Ошол эле учурда укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча Кыргыз жараны зордукталды деген фактысы жокко чыгарылган.
Кошумчалай кетсек, маркумдун сөөгүн өлкөгө жөнөтүүнү уюштурууга элчилик жардам көрсөтпөгөнү тууралуу маалымат таркап жатат. Бул маалымат чындыкка дал келбейт жана жалган. Элчиликке бул маселе боюнча оозеки жана жазуу жүзүндөгү кайрылуу түшкөн эмес. Өз кезегинде элчиликтин кызматкерлери каза болгон кыздын апасынын байланыш телефонун өз алдынча таап, ага жардам көрсөтүү, анын ичинде сөөктү мекенине алып келүү үчүн каражаттарды алуу тартибин түшүндүрүп кайрылышкан. Ошол эле учурда жаран элчиликтин жардамынан баш тарткан. Ушуга байланыштуу элчилик дагы бир жолу билип туруп такталбаган жана жалган маалыматтарды тараткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралганын эскертет", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин Казань шаарындагы көп кабаттуу үйдөн 19 жаштагы кыргыз кызы кулап каза болгондугу кабарланган.




1 |