super.kg logo

Кочкор райондук прокуратурасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди

 
Кочкор райондук прокуратурасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
7-декабрда Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин катышуусунда Нарын облусунун Кочкор районунун прокуратурасынын жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өткөн.
Салтанаттуу иш-чарада башкы прокурор Курманкул Зулушев, прокуратура органдарынын кызматкерлери мамлекеттин укуктук тутумун чыңдап, кандай гана климаттык шарт болбосун өлкө аймагында мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу боюнча өзүнүн конституциялык милдеттерин кынтыксыз аткарууга тийиш экендигин баса белгиледи.
Ошондой эле учурда өлкө жетекчилиги тарабынан прокуратура органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, эмгек шарттарын жакшыртууга, жеке курамды социалдык жактан коргоого көп көңүл бурулуп, кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу маселеси каралып жаткандыгын кошумчалады.
Ачылыш аземге облустук прокуратура органдарынын өздүк курамы жана жетекчилиги, прокуратура органдарынын ардагерлери, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Буга чейин Кочкор райондук прокуратурасынын кызматкерлери 1963-жылы курулган 4 бөлмөлүү имаратта иштеп келишсе, бүгүн 2 кабаттуу имарат толугу менен бүткөрүлүп, кызматкерлер үчүн бардык шарттар түзүлүп, зарыл болгон заманбап жабдуулар менен камсыздалды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Башкы прокурор Кочкор райондук прокуратурасынын кызматкерлерине 8 батирлүү кызматтык үйдүн курулушуна капсула салды. Долбоорго ылайык, курулуш иштерин аяктоо жана пайдаланууга берүү 2022-жылдын биринчи жарымына пландаштырылган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: