Акылбек Жапаров Казакстандын Санариптик өкмөтүнүн кеңсесине барды



Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нур-Султан шаарына жумушчу сапарынын алкагында "Астана" эл аралык финансы борборуна жана Казакстандын Санариптик өкмөтүнүн кеңсесине барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Астана" эл аралык финансы борборунун негизги максаты ликвиддүү жана тең салмактуу капитал рыногун өнүктүрүү болуп саналат. Уюм жалпы англис укугунун негизинде иштейт. Мындан тышкары финансы борборунун укуктук макамы Казакстандын конституциялык мыйзамы менен бекемделген.
Борборду башкаруунун жогорку органы катары Башкаруу кеңеши саналат, анын курамына Казакстандын премьер-министри, улуттук экономика министри, финансы министри, Улуттук банктын төрагасы жана "Астана" финансы борборунун башкаруучусу кирет.
Акылбек Жапаров ошондой эле Казакстан Республикасынын Санариптик өкмөтүнүн кеңсесине барды.
Кеңсе 2021-жылдын сентябрь айында ачылган жана анын курамына кырдаалдык борбор, улуттук аналитикалык борбор, санариптик трансформация борбору жана улуттук долбоор кеңсеси кирет.
Кырдаалдык борбордун бардык маалымат базаларына жеткиликтүүлүгү бар жана региондор менен санариптик форматта тыгыз аракеттешет. Белгиленгендей, Санариптик өкмөттүн кеңсеси аркылуу республикадагы вакцинациянын өсүү темпи боюнча маалыматтарды көрүүгө болот.

