super.kg logo

Бишкектеги Жер-Ынтымагы конушунун тургундарына жер тилкелеринин документтери тапшырылат

 

Бүгүн, 9-декабрда Жер-Ынтымагы жаңы конушунун тургундарына техникалык паспорттор ташырылат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, техникалык паспортторду калаа башчысы Айбек Жунушалиев өзү тапшырат.

Эске салсак, буга чейин, 18-ноябрда президент Садыр Жапаров президенттик администрациянын имаратынын алдына чогулган Жер-Ынтымагы конушунун тургундары менен жолуккан.

Анда тургундар турак жай аянты санитардык коргоо зонасынын аймагында жайгашкандыгына байланыштуу 15 жылдан бери жер тилкелерине менчик укугуна мамлекеттик актыларды («Кызыл китептер») ала албай жүргөндүгүн айтышкан. Ушуга байланыштуу алар мамлекеттик кызматтарды алууда каттоонун жоктугунан улам кыйынчылыктарга дуушар болуп келишкен.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: