super.kg logo

Айбек Жунушалиев Жер-Ынтымагы конушундагы 10 тургунга жер тилкелеринин документтерин тапшырды

 

Бүгүн, 9-декабрда Жер-Ынтымагы конушунун тургундарына жер тилкелери боюнча документтер тапшырылууда. Техникалык паспортторду калаа башчысы Айбек Жунушалиев өзү тапшырып жатат.

Иш-чаранын алкагында конуштун 10 тургунуна техникалык паспорттор тапшырылды.

"Бүгүн 10 тургунга документтерди берсек, муну 100гө, андан соң 1000ге чейин көбөйтүү керек. Көйгөйдү кагазга эле жазып койбой аны чуркап аткаруу зарыл деп айтам. Аталган көйгөйдү коомдук талкууга коюп, бир жуманын ичинде чечтик. Демек, иштесе болот", - деди шаар мэри.

Эске салсак, буга чейин, 18-ноябрда президент Садыр Жапаров президенттик администрациянын имаратынын алдына чогулган Жер-Ынтымагы конушунун тургундары менен жолуккан. Анда тургундар жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү айтышып, президенттен чечип берүүнү суранышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: