super.kg logo

Сокулуктагы 17 жаштагы кыздын зордукталышы: Шектүүнүн үй-бүлөсү айылдан көчүп кетти

 

Сокулук районундагы 17 жаштагы кызды зордуктаганга шектүү кишинин үй-бүлөсү айылдан көчүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына айыл тургундарынын бири билдирди.

"Кечээ оокаттарын ташып жатышкан. Бүгүн үйүнө кулпу салып, көчүп кетишиптир. Каякка көчүп кеткени белгисиз", - деди Кызыл-Туу айылынын тургуну.

7-декабрда айыл эли зордуктоого шектүү жарандын үй-бүлөсүнө 2 күн убакыт берип, айылдан көчүп кетүүсүн талап кылышкан.

Буга чейин Чүй облусунун Сокулук районунда 17 жаштагы кызга кол көтөрүп, зордуктоого шектүү жаран кармалган.

Белгилүү болгондой, кыздын атасы Сокулук РИИБине арыз менен кайрылган. Анда арыз ээси 5-декабрь күнү эртең менен 2004-жылы туулган кызын белгисиз бирөө Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуну убада кылып, жолдон күч колдонуп зордуктап салганын билдирген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 154-берене ("зордуктоо") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: