super.kg logo

Куйкум сөздүү курч акын, калемпир тилдүү мурч акын Аалы Туткучев 38 жашка толду

 


Атагы кыргыз, казакка жайылган, куйкум сөздүү курч акын, калемпир тилдүү мурч акын, бетке айтып ырдаган, баарын сындаган ак таңдай акын Аалы Туткучев бүгүн, 9-декабрда 38 жашка толду.

Төкмө акын 1983-жылы Талас облусундагы Манас районунун Арал айылында туулган. 2005-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн.


2002-жылы кыргыз маданиятынын бир бөлүгү болгон акындардын төкмөчүлүк өнөрүн жандандыруу максатында түзүлгөн "Айтыш" коомдук фондунда кыргыз элинин чыгаан төкмө акындары Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиевден сабак алып, азыркы муундун төкмө акындык өнөрүн улап келүүдө. Кыргыз өлкөсүндө өткөн көптөгөн кыргыз акындар айтышында жеңишке жеткен.

Ал айтыш өнөрү менен гана чектелип калбастан эстрада жанрында "Байтору" деген ыр жазган. Анда күлүк аттар тууралуу ырдалып, алардын асылдыгы даңкталган. Акындын "Булгаба ичкен кудукту, "Ак-кайың" деген термелери да бар.

Учурда Аалы Туткучев Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын
"Эл ырчысы Эстебес" фольклордук тобунун жетекчиси. 31-августта президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Эл акыны наамы ыйгарылды.

Белгилей кетсек, төбөсү көрүнгөн акын Эмгек сиңирген артисти наамын 2016-жылы алган.
9-декабрдын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: