super.kg logo

Сокулуктагы 17 жаштагы кыздын зордукталышы: Шектүүнүн үй-бүлөсү Бишкекке көчүп келди. "Эптеп бир жерге жайгаштык. Эмне кылаарыбызды билбей жатабыз" дейт тууганы

 

Сокулук районундагы 17 жаштагы кызды зордуктаганга шектүү кишинин үй-бүлөсү Бишкекке көчүп келди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шектүүнүн жакын тууганы билдирди.

"Бишкектеги туугандарыбыздын бириникине эптеп жайгаштык. Бул деле убактылуу да. Үй-бүлөдө жалпы 8 киши. Эки балабыз мектепке барат. Алардын окуусу калды. Эмне кылаарыбызды билбей калдык", - деди шектүүнүн тууганы.

Буга чейин шектүүнүн туугандары айылдан көчүп кеткенин SUPER.KG порталына айыл тургундарынын бири билдирген.

7-декабрда айыл эли зордуктоого шектүү жарандын үй-бүлөсүнө 2 күн убакыт берип, айылдан көчүп кетүүсүн талап кылышкан.

Буга чейин Чүй облусунун Сокулук районунда 17 жаштагы кызга кол көтөрүп, зордуктоого шектүү жаран кармалган.

Белгилүү болгондой, кыздын атасы Сокулук РИИБине арыз менен кайрылган. Анда арыз ээси 5-декабрь күнү эртең менен 2004-жылы туулган кызын белгисиз бирөө Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуну убада кылып, жолдон күч колдонуп зордуктап салганын билдирген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 154-берене ("зордуктоо") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
09.12.2021. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Зордуктаган адам көк мээ,бул ишти кылып атканда эмнеси менен ойлонду, өзү зонада тоок болот,үй бүлөсү кыйналат кыскасы тагдыры талкаланды бүттү
09.12.2021. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Атасы учун баласы жооб бербейтда зордуктаган баланын жынысын кесип эл алдында олтцруш керек болчу
09.12.2021. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
уй булоосундо эмне айып
09.12.2021. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Үй бүлөсүндө эмне айып дейсиңер да. Ушундай күнгө кабылбаш үчүн жакшылап тарбия бериш керек болчу. Жөн эле бала жасай бербей, Балаңарга жакшы тарбия берип көзөмөлдөбөсөңөр ушундай иш силердин да башыңарга келет,
10.12.2021. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asad9, ата-эне болушунча жакшы болсун деп тарбия берет, Ким жаман иш кылсын деп тарбия бермек эле. Ошол бала зордуктап атканда уй-булоосу жанында болсо кочуруп ийсе болушмак
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: