super.kg logo
  Саясат  

Аида Касымалиева Шайлообек Атазовго: "Жогорку Кеңештин трибунасын кайым айтышууга колдонбогула"

 

Бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов депутат Нурбек Алимбеков тууралуу айтты.

"Президентибиз мамлекетте тазаланууну баштады. Бардык кадрлар, депутаттар таза кол болгула деди. Нурбек Алимбековдун 10 жылдан бери депутаттык ишмердүүлүгү жөнүндө так маалыматтар тиешелүү органдарга келип түшкөн. Ага март айында иш козголушу керек болчу. Бул боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге арыз түштү. Алимбеков түшкө чейин депутат, түштөн кийин коммерсант", - дейт Шайлообек Атазов.

Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Аида Касымалиева: "Биз кечээ сессияда айтканбыз. Өзүңөр сот аркылуу чечип алыңыздар. Трибунаны кайым айтышууга колдонбогула", - дейт.

8-декабрда депутат Шайлообек Атазов кайрылуу жасап, Нурбек Алимбеков шайлоодо мыйзам бузууларга барганынайткан.

Мындан улам Нурбек Алимбеков Шайлообек Атазовго жооп кайтарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: