Өлкөдө 9 ай аралыгында 28 миңге жакын адам каза болгон

Кыргыз жергесинде акыркы 9 айда 28 миң 965 адам каза болгон. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти. Андагы маалыматта каза болгондордун көбү, тагыраагы 14 миң 933ү кан айлануунун бузулушунан улам келип чыккан ооруларга байланыштуу экендиги айтылат.
Өлүмдүн башка себептери:
- шишиктерден - 2985 адам;
- өлүмдүн тышкы себептеринен - 2038 адам;
- тамак сиңирүү органдарынын жабыркашынан - 1496 адам;
- коронавирустук инфекциядан – 2214;
- дем алуу органдарына байланыштуу оорулардан - 1271;
- перинаталдык мезгилде келип чыккан жеке шарттардан - 1143;
- клиникалык жана лабораториялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө аныкталган, башка жерде классификацияланбаган симптомдордон, белгилерден жана нормадан четтөөлөрдөн - 986;
- айрым жугуштуу жана мите ооруларынан - 406;
- тубаса аномалиялардан, деформациялардан жана хромосомдук аномалиялардан - 377;
- эндокриндик система, тамактануунун бузулушунан жана зат алмашуунун бузулушунан - 361;
- нерв системасы ооруларынан - 329;
- жыныс системасындагы оорулардан - 276;
- таяныч-кыймыл аппаратынын жана тутумдаштыргыч ткандын ооруларынан - 38;
- кош бойлуулуктун, төрөттүн жана төрөттөн кийинки мезгилдеги кыйынчылыктардан - 36;
- кандын, гемопоэтикалык органдардын оорулары, иммундук механизмди камтыган жеке бузулуулар - 36;
- психикалык жана жүрүм-турумдук бузулуулардан - 25;
- теринин жана тери астындагы ткандардын ооруларынан - 15.

