Депутат мамлекет тарабынан күнөскана иштеткендерге колдоо көрсөтүлүшү керектигин айтты
Депутат Эркин Жолдошалиев мамлекет тарабынан күнөскана иштеткендерге колдоо көрсөтүлүшү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Күнөсканалар боюнча мага кайрылуу келип түштү. Ишкерлер кошуна өлкөлөргө туруштук бере албай жатат. Башка мамлекеттерде бардык жагынан көңүл бурулат. Арзан жер-жемиш келгендиктен, өзүбүздүн ишкерлер атаандаштыкка туруштук берип иштей албайбыз деп жатышат. Андыктан күнөскана иштеткендерге мамлекет тарабынан электр энергиясы жана насыя боюнча жеңилдиктерди берип, колдоо керек. Анткени электр энергиясы аз убакытка өчсө эле күнөсканалардын иши кыйындайт. Ошондой эле бул жааттагы ишкерлерге 6 пайыздык насыя да берилбейт экен", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
3:33
2025-07-23
2:45
2025-07-23

Рейтинг:
0

Ким бироо пайданын артынан кууп жатканда, башка жакта кары-картандар, жаш балалуулар жарык жок кыйналып жатат......