super.kg logo

ТЕСТ: Бөркү баштан түшпөгөн бийик кыргыз, Көркү шамдай жаркыган билик кыргыз. Кыргыз адабиятынан тест

 

Улуттук адабият күнү - Кыргыз өкмөтүнүн чечими менен өлкөдө 2011-жылдан бери жыл сайын 12-декабрда белгиленип келет. Бул күн 1928-жылдын 12-декабрында төрөлгөн адабияттын белгилүү классиги Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган. Ошондой эле 12-декабрда элдик акын Алыкул Осмонов каза болгон. Бул датаны утурлай өлкөнүн ар аймагында, анын ичинен жогорку окуу жайларда, мектептерде маданий иш-чаралар өткөрүлөт. SUPER.KG порталы окурмандары үчүн кыргыз адабиятынан тест дайындады.


кошулду





1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

Казат Акматовдун чыгармасын белгилеңиз.

"Мунабия" чыгармасы Казат Акматовдун калемине таандык.

Кийинки суроо


"Муздак дубалдар"
"Топон"
"Мунабия"
"Кара туман"

Тоголок Молдонун “Телибай тентек” чыгармасында Телибай кимдин уулу?

Телибай - Дадаңбай деген байдын баласы. Ал акылсыз, зөөкүр болгондуктан башынан мыскылдуу окуяларды өткөрөт. Атасынын мал-мүлкүн бүт жок кылып, аягында өзү өлүмгө учурайт.

Кийинки суроо


Жусуп
Ашмат
Кебек
Дадаңбай

“Мурда үмүтсүз эле, азыр үмүт менен ишенимди колуна катар түшүрүп, бул сезимди шордуу чал көтөрө алгыс даражага жетти”. Аман Саспаевдин кайсы чыгармасынан?

Бул "Татым туз" аңгемесинен үзүндү. "Татым туз" Аман Саспаевдин эң көрүнүктүү аңгемеси.

Кийинки суроо


"Улгайгандар"
"Кайнене"
"Татым туз"
"Ажыроо"

“...Жакыпбек жигиттери менен абышка-кемпирди моокуму канганча аябай урду да, кылчайбастан өз жолу менен жүрүп кете берди.” Касымалы Баялиновдун кайсы чыгармасына таандык?

"Ажар" – кыргыз адабиятындагы туңгуч повесттердин бири. 1928-жылы жарык көргөн. Повесттин башкы каарманы - Ажар аттуу жөнөкөй кыргыз кызы. Касымалы Баялиновдун бул чыгармасын өткөн кылымдын 20-жылдарында жаңыдан калыптана баштаган кыргыз жазма адабиятында негизги темалардын бири болгон кыз-келиндердин эзилген турмушу жөнүндөгү чыгармалардын катарына кошууга болот.

Кийинки суроо


"Ал эми жетим эмес"
"Ажар"
"Курман жылга"
"Мурат"

Кең-Колдун башы тал менен, Кербендер өтөт мал менен. Төмөнкү ыр саптар кайсы чыгармадан?

Бул саптар Сүйүнбөй Эралиевдин "Ак Мөөр" чыгармасынан. Эскерте кетсек, чыгарманын бир нече вариантты бар. Бир вариантын алгач 1923-жылы Таластан Өмүрбек Кудайбергенов жана Сапарбай Бокочиевден Каюм Мифтаков жазып алган. Экинчи вариантын да Мифтахов манасчы Кожеков Жаңыбайдын айтуусунда Фрунзеде 1936-жылы кагазга түшүргөн.

Кийинки суроо


"Ак жыт"
"Каркыралар"
"Ак Мөөр"
"Жол"

Алыкул Осмоновдун калемине таандык пьесаны белгилеңиз.

Алыкул Осмоновдун калемине таандык пьеса - "Экинчи бригада".

Кийинки суроо


"Дардаш"
"Күлүйпа"
"Теңдик курманы"
"Экинчи бригада"

"Талым кыз менен..." ким айтышканын толуктап жазыңыз.

Талым кыз менен Көбөк айтышат. Кыргыз айымдарынан чыккан ак таңдай төкмө Талым кыздын Көбөк менен айтышкан табышмактуу айтышы муундан-муунга өтө, ооздон-оозго көчө ырдалып келет.

Кийинки суроо


Молдонун
Көбөктүн
Калыктын
Барпынын

Кыргыз адабиятындагы ыр формасында жазылган биринчи роман?

"Кандуу жылдар" ыр формасында жазылган алгачкы роман болуп саналат. Автору - Аалы Токомбаев.

Кийинки суроо


"Кең-Суу"
"Кандуу жылдар"
"Алтын тоо"
"Адамдар"

Төмөнкүлөрдөн Султан Раевдин романын белгилеңиз.

Султан Раевдин "Жанжаза" романы терең психологиялык, философиялык чыгарма. Автордун айтымында, романда мезгил менен мейкиндик бири-бирине бекем жуурулушуп, адам жашоосунун түбөлүктүү дөөлөттөрү тууралуу ой козголот. "Жанжаза" романынан негизинен бүгүнкү - сойкусу, чоң муштуму, кылмышкери, катынпозу, алдамчысы, саясатчысы, акыны, аракечи, падышасы, кулу, баскынчысы, ыйыгы, сулуусу, маңыроосу, фанаты, кошоматчысы, баласы, даанышманы аралашкан бүгүнкү жинди коомду көрсө болот.

Кийинки суроо


"Мисмилдирик"
"Жанжаза"
"Ак азуу"
"Жаз"

"Каныбек" романында Каныбек кимдин уулу?

"Каныбек" романында Каныбек Сансыз менен Ажардын уулу. “Каныбек” – Касымалы Жантөшевдин калемине таандык.

Кийинки суроо


Түлкүбектин
Элназардын
Сансыздын
Айдарбек Датканын

Бөркү баштан түшпөгөн бийик кыргыз, Көркү шамдай жаркыган билик кыргыз. Бөлүнгөндө бүлүнөт бүтүндүгүң, Бөлөктөргө жем болбой бирик кыргыз! Бул ыр саптардын авторун атаңыз.

Бул ырдын автору Мирлан Самыйкожо. Өзгөчө Токио олимпиадасынан күмүш медалды жеңип келген Акжол Махмудов бул ырды окугандан кийин белгилүү болгон.

Кийинки суроо


Бердибек Жамгырчиев
Акбар Рыскулов
Алтынбек Исмаилов
Мирлан Самыйкожо

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
12.12.2021. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
46(((аябай окунучтуу. Кыргыз адабиятын окуп туруу керек
12.12.2021. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Уят эле. 46 упай
12.12.2021. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
73)
12.12.2021. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
64 упай
12.12.2021. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
55упай уят эле
13.12.2021. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
11суроонун алтоо туура болуп 55 упай алдым. Китеп көп окушум керек экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: