super.kg logo

Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев мамлекетке 11 батирин берет

 

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев ага мурда конфискацияланган батирлери кайтарылып берилгени тууралуу маалыматка социалдык тармактагы баракчасы аркылуу комментарий берди.

Экс-мэр соттун чечими менен анын үй-бүлөсүнө сегиз батир, ал тургай буга чейин Айсулуу Тыныбековага берилген батир да кайтарылып берилиши керектигин жазды.

"Ленин райондук соту тарабынан акталдым. Мен 8 батир боюнча мурда эле ойлонуп, чечим чыгарып койгом. Батирлерди мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп бердим. Аларды адегенде ээсине кайтарып, анан ээси мамлекетке өткөрүп берүү мыйзамдуу түрдө туура болот. Мындан тышкары мамлекетке 2 имарат берип жатам. Манас проспектисинде жайгашкан "Сапат борборун" ӨКМга берем, ал эми Үмөталиев көчөсүндөгү имаратты Санариптик өнүктүрүү министрлигине берем. Жалпысынан 11 батирди мамлекетке берем. Дагы 5-6 батирди өткөрүүнү караштырып жатам. Мындай чечимди мамлекетти колдоо үчүн кабыл алдым" , - деп жазды ал.

Эске салсак, Нариман Түлеев 2008-жылы Бишкек шаарынын мэри кызматына шайланган. 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин кызматтан кеткен. 2012-жылы ага "коррупция", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелерине ылайык кылмыш иши козголуп, 2013-жылы 11 жылга камакка алуу боюнча соттун өкүмү чыккан.
Кийин 2016-жылы айып пул төлөп, мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган. Ал эми 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин Түлеев мэрдин милдетин аткаруучу кызматына кайтып келип, нааразычылыктардан улам кайра бошогон. Февраль айында Жогорку Сот Нариман Түлеевди толугу менен актаган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(8)
09.12.2021. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодец.
09.12.2021. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Belek1710,эмнеси молодец. Ушунча батирди өз эмгеги менен таап анан мамлекетке өткөрүп берип атабы.Ууру уурдалган буюмдарды кайтарып бергендей эле да. Дагы эрдик кылгансып мактанып коёт. Билинбей калган дагы канча батири бар болду экен. Акталыш үчүн канчасын сотторго берди экен
09.12.2021. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жөнөкөй жарандар 1 батирге жетпей жүрүшөт,бул кишиде канча батир бар
09.12.2021. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Үйү жок көп балалуу үй бүлөөлөргө берсе жакшы болмок.Ипотекалык компанияга берип саттырабы анда
09.12.2021. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коррупциянын башкы каарманы апкай болуп калдыбы.
09.12.2021. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кокуууй менТүлеевди таза иштейт, Бишкекти ушу киши оңдогон деп жүрсөм, быягына не дейм. Эл билген үчүн мэр кылбай коюшкан экен да. Эми акталыптыр мынтип айтып чыкпай эле койбоптур.
09.12.2021. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Колдобой эле жегеними кустум десе жарашмак, и то баарын эмес
10.12.2021. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Астафур Аллах Аллах озу берсин жазанарды бишкектин жарымын эле ээлеп алган тура
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: