Айбек Жунушалиев: "Ош базардагы" мыйзамсыз сооданы күн сайын тазалайбыз, кайра чыгышат"
Бүгүн, 9-декабрда Жер-Ынтымагы конушунун тургундарына техникалык паспортторду калаа башчысы Айбек Жунушалиев өзү тапшырды. Анда калаа башчысы "Ош базардагы" мыйзамсыз соода жүргүзгөндөр боюнча дагы айтты.
Анын айтымына караганда, шарттар түзүлгөнүнө карабай мыйзамсыз соода уланып жатат.
"Ош базарында" мыйзамсыз соода кылгандар менен күрөшүү күнүмдүк иш-чара болуп калды. Күн сайын тазалайбыз, кайра чыгышат, кайра тазалайбыз. Биз мыйзамсыз соода кылгандарга кайрылып жатабыз. Базардын ичинде атайын орундар бар. Ал жакка киришпейт да. Мындан тышкары "Дыйкан" базары бар. Ал жакка баргыла дейбиз. Башка базарлар бар. Эми шарттар түзүлүп жатат да", - деди калаа башчысы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
3:33
2025-07-23
2:45
2025-07-23

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.