super.kg logo

Акылбек Жапаров Ага Хан өнүктүрүү уюмунун дипломатиялык өкүлү доктор Шамш Кассим-Лакха менен жолугушту

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ага Хан өнүктүрүү уюмунун дипломатиялык өкүлү доктор Шамш Кассим-Лакха менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы Ага Хан уюмуна Кыргыз Республикасында билим берүү, саламаттыкты сактоо, тоолуу райондордун калкын колдоо, финансы-экономикалык чөйрөдөгү маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир алышууда Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинин (БАУ) ийгиликтүү иш алып баруусуна басым жасалды, аны Акылбек Жапаров Кыргызстан жана Борбор Азия жаштары үчүн жеткиликтүү сапаттуу билим берген үлгүлүү окуу жайы катары сыпаттады. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле БАУ Нарын шаарынын экономикалык өнүгүүсүнө оңдуу таасирин берип жаткандыгын белгиледи.

"Эгерде Ага Хан фонду Нарын мамлекеттик университетин БАУ үлгүсү боюнча өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыкса мыкты болор эле, бул Нарын шаарын республиканын илим, билим берүү жана маданий борборуна айлануусуна түрткү бермек", - деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Шамш Кассим-Лакха министрлер кабинетинин башчысына жылуу кабыл алуусу жана жолугушуусу үчүн ыраазычылык билдирди жана өкмөттүн колдоосуз БАУ негиздөө мүмкүн эмес эле деп билдирди.

Жолугушуу жыйынтыгында тараптар Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыттар боюнча көп тармактуу кызматташтыкты улантууну макулдашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
09.12.2021. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Азыр болунуу башталат .Ал андай бул мындай деп .Как будто аны менен чогу жургондой. Адам болойлу эн башкысы .Биз неге Коркобуз ? Себеби биз коп алданабыз .Алданган эмнеден келип чыгат .Озундун акылын жэтиштуу эмес , айла жок бироонун акылын угасын. Психологияда ошондой деп айтылат.Ким не кылса кылсын , главный мамлекетке каршы чыкпайтабы и все .Элди жаман жолго ундобойтабы болду .Налогун толосун кыла берсин .Менин жэке оюм ошондой. Мен адамды болбойм .Мени да боло алышпайт. Менин жэке акылым бар
09.12.2021. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Agayu, кеп ошондо тууганым. Булардын максатты эмнеде биз билбейбиз. Бирок бир НО деген бар, акчаны, жардамды жону жок бере бербейт го дейм. мумкун ойлору жакшыдыр
09.12.2021. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эх кайда баратабыз ,булар шииттер мусулман атын жамынган бузукулар, буларды колдон келсе жолотбой жок кылуу керек ,а биз тескерисинче колдоп жатабыз
09.12.2021. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Neizvestno777,Тооба э бузулат турган адам Ага хансыз деле бузулат.Канча Кыргыздар батпис болуп журот , шаман болуп журот.Просто эч кимге ишенбейм керек .Слабый Адам ишенчеек болот.Аны ар Ким колдонушат. Кучтуу адам эч нерсеге карабай , эч кимге ишенбейт.Кобунчо озуно ишенет.Биз коркокпуз ошончун болуно беребиз .
09.12.2021. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Шиийттерди айдасаңар батырак!!!
09.12.2021. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чубак ажынын жоктугу
10.12.2021. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чубак ажы Жалилов агахан тууралуу катуу сын пикир айтып кеткен эле...буларды Кыргызстандан кууп чыгыш керек!
10.12.2021. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нарындыктар шиит болуп кететбекен жакынкы жылдары
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: