super.kg logo

Бишкектин Ленин районунда коронавируска каршы дагы 2 эмдөө пункту ачылды

 

Бишкектин Ленин районунда коронавирус илдетине каршы эмдөө жүргүзө турган дагы эки мобилдик пункт ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эмдөө пунктунун биринчиси "Ала-Арча" соода борборунда жайгашкан (Чыңгыз Айтматов проспектиси, 299в дареги, 2-кабат), саат 10:00дөн 20:00гө чейин иштейт. Экинчиси "Кенч" соода борборунда ("Ош базары" соода комплекси, 3-кабат) ачылган. Иш убактысы саат 10:00дөн 17:00гө чейин.

Ленин районундагы башка эмдөөчү жайлар төмөнкү даректерде жайгашкан:

  • № 1 бириктирилген үй-бүлөлүк борбору;
  • № 2, 11, 12, 13 жана 17 үй-бүлөлүк борборлору;
  • Темир жолчулардын бейтапканасында;
  • "Азия Молл" соода борборунда.

Ошондой эле мэрия эмдөөдөн өтүүнү каалаган жарандарды жанына өздүгүн тактаган документин ала барууну эскертет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: