super.kg logo

Эл аралык өспүрүмдөр олимпиадасында бишкектик окуучу коло медалга ээ болду

 

Эл аралык өспүрүмдөр олимпиадасында математика боюнча бишкектик окуучу Фёдор Корнияш коло медалды жеңип алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Фёдор Корнияш 40 баллдын ичинен 38 балл топтоп, коло медаль алууга жетишкен.

Белгилей кетсек, 6-декабрдан 9-декабрга чейин Азербайжандын Баку шаарында «Таланттарды даярдоо лабораториясы» аталышындагы IV Математика, физика жана химия боюнча эл аралык өспүрүмдөр олимпиадасы болуп өттү.

Кыргыз өлкөсүнөн барган команданын курамында төмөнкү окуучулар болгон:

1. Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылындагы Т.Жумабаев атындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу Аймончок Абдигапарова;

2. Бишкек шаарынын №61 автордук физика-математика мектеп-лицейинин 7-классынын окуучусу Фёдор Корнияш;

3. Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 9-классынын окуучусу Бектур Баратали.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.12.2021. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкектик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: