super.kg logo

Садыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына видеоконференция форматында катышат

 

Бүгүн, 10-декабрда президент Садыр Жапаров Казакстандын төрагалыгында өтүүчү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин ушул жылдагы жыйынтыктоочу жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

ЖЕЭК мүчө мамлекет башчыларына 2021-жылы аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча маалымат берилет, анын ичинде 2025-жылга чейинки Евразиялык экономикалык интеграциянын стратегиялык багыттарын өнүктүрүүдө камтылган иш-чаралардын аткарылышы тууралуу.

Мындан тышкары Евразиялык экономикалык биримдикте жүк ташууларга байкоо салуу үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууга кол коюлушу, Евразиялык экономикалык биримдиктин 2020-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2022-жылга карата бюджетинин долбоору, ЕАЭБдин 2022-жылдагы эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, ошондой эле интеграциялык процесстерге байланыштуу башка маселелердин каралышы күтүлүүдө.

ЖЕЭКтин бул жыйынында Евразия экономикалык биримдигинин органдарындагы төрагалыкты Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына өткөрүп берүү маселеси да каралат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: