Бишкек шаарынын мэриясы газ менен жүрүүчү 1000 Yutong автобустарын сатып алууну көздөөдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Ага ылайык, Нур-Султан шаарында 2022-жылы жүргүнчүлөрдү ташуучу унааларды жана атайын техникаларды сатып алуу ниети боюнча меморандумга кол коюлду.
"Меморандумга Экономика жана коммерция министрлиги, Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы, “Өнөр-жайды өнүктүрүү фонду” ААК, “KazakhExport” ЭСК АК, “Qaztehna” ЖЧК, “СарыаркаАвтоПром” ЖЧКсы, Камаз-Инженеринг АК , ONAY Pay ТОО кол койду", - деп жазылат маалыматта.