Жасалма эмдөө сертификатын берүү фактысы боюнча бир катар медицина кызматкерлери иштен алынды
Саламаттыкты сактоо министрлиги журналисттик иликтөөгө байланыштуу коронавируска каршы эмдөө сертификатын берүү боюнча коомиссия түзүп кызматтык иликтөө жүргүздү. Анын негизинде бир катар кызматкерлер иштен алынды. Бул тууралуу мекемеден маалымдашты.
Маалыматка ылайык, жасалма документ берүү фактысы боюнча №2, №8, №10, №11, №19-20 Үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчилери жана бир медайым иштен алынды.
Ошондой эле Ленин райондук медицина борборунун бөлүм башчысы өзү жазган арыздын негизинде иштен кетти.
Тийиштүү материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.
Белгилей кетсек, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинде сертификаттарды сатууну иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
3:33
2025-07-23
2:45
2025-07-23

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
muku.85

10.12.2021. 16:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми ушул эле калды эле коррупция болбогон. Коррупция каныбызга эмес соогубузго синип калган экенда.
Rusbayastan

10.12.2021. 16:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жумуштан бошотулуп эле кутулбастан,жоопко тартыш керек мыйзам чегинде.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.