super.kg logo

Статком: "Көмүрдүн баасы өткөн айга салыштырмалуу 5,9 пайызга төмөндөдү"

 

Өлкөдө көмүрдүн чекене баалары ноябрь айына салыштырмалуу 5,9 пайызга төмөндөп, бир тонна 5 342 сом 8 тыйынды түздү. Мындай мааалымат Улуттук статистика комитетинин сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, көмүргө карата орточо керектөө бааларынын талдоосу республиканын 18 калк жашоочу пункттарында мониторинг жүргүзүлдү.

Көмүргө эң жогорку баалар:

  • Ноокат бир тонна үчүн – 7 989 сом 6 тыйын;
  • Баткен бир тонна үчүн – 7 969 сом 9 тыйын;
  • Кербен бир тонна үчүн – 7 824 сом 6 тыйын.

Минималдуу чекене баалар:

  • Чаек айылында бир тонна үчүн - 3 000 сом;
  • Балыкчы шаарында бир тонна үчүн – 4 049 сом 7 тыйын;
  • Нарын бир тонна үчүн – 4 449 сом 7 тыйын;
  • Токмок шаарында бир тонна үчүн – 4 598 сом 9 тыйын.

Көмүргө карата баалар үстүбүздөгү жылдын декабрында ноябрь айына салыштырмалуу

  • Кербен– тоннасы 1 825,4 сомго же 30,4 пайызга,
  • Жалал-Абад – тоннасы 333,5 сомго же 4,7 пайызга,
  • Покровка айылында - тоннасы 300 сомго же 5,5 пайызга бир кыйла өсүшү белгиленди.

Ошол эле учурда ноябрь айына салыштырмалуу:

  • Исфана бир тонна үчүн – 1 871 сом 6 тыйын;
  • Баткен бир тонна үчүн – 1 748 сом 9 тыйын;
  • Ноокат бир тонна үчүн – 1 428 сом 5 тыйын;
  • Токтогул бир тонна үчүн – 906 сом 2 тыйын шаарларында баанын төмөндөшүн байкоого болот.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: