super.kg logo

Өлкө башчы: "Биримдиктеги өлкөлөрдүн аймагында эмгектенгендерге тиешелүү шарттарды түзүү боюнча ишти улантуу маанилүү"

 

"Биримдиктеги өлкөлөрдүн аймагында эмгектенгендерге тиешелүү шарттарды түзүү боюнча ишти улантуу маанилүү», — деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда Евразиялык экономикалык жогорку кеңештин (ЕЭЖК) үстүбүздөгү жылдагы жыйынтыктоочу видеоконференция форматындагы жыйынында сүйлөп жатып.

Мамлекет башчысы евразиялык интеграциянын алкагында бирдиктүү эмгек рыногу маселесине көңүл бурду. Ал Биримдиктеги өлкөлөрдүн аймагында эмгектенгендерге тиешелүү шарттарды түзүү боюнча ишти улантуу маанилүү экенин белгиледи.

"Айрыкча азыркы эпидемиологиялык кырдаалда иштеп жаткан жарандарыбыз жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, кайсынысы болбосун, ар бир мүчө-мамлекеттердин аймагында социалдык жактан коргоонун толук кепилдигине ээ болушу керек. Атап айтканда, биз алардын милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына да, биздин өлкөлөрдө жүргүзүлүп жаткан эмдөөлөргө да жеткиликтүү болушун камсыз кылышыбыз керек", — деп айтты президент Садыр Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: