super.kg logo

Садыр Жапаров Карл Нехаммерди Австрия Республикасынын федералдык канцлери кызматына киришүүсү менен куттуктады

 

Президент Садыр Жапаров Карл Нехаммерди Австрия Республикасынын федералдык канцлери кызматына киришүүсү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматынан билдиришти.

«Сиздин эбегейсиз зор тажрыйбаңыз, кайраттуулугуңуз жана кесипкөйлүгүңүз мындан ары да өлкөңүздүн өнүгүшүнө өбөлгө болот деп ишенем.

Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн отуз жылдыгынын алдында өкмөт башчысы катары сиздин ишмердүүлүгүңүз Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрөт деп ишеним артам.

Кыргыз Республикасы мамлекеттер аралык мамилелердин чыңдалышына жана өнүгүшүнө салым кошо турган көп кырдуу кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар деп билдирем.

Туризм, жашыл экономика, мөңгүлөрдү сактоо жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жаатында өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнү сунуштайм», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Садыр Жапаров Карл Нехаммерди Жаңы 2022-жыл менен куттуктап, ага чың ден соолук жана жооптуу ишине ийгиликтерди каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: