super.kg logo
  Спорт  

Күрөш: Жоламан Шаршенбеков менен Виктор Чобану видео байланыш аркылуу сүйлөштү

 

Белгилүү кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков учурдагы Дүйнө чемпиону, молдовалык балбан Виктор Чобану менен видео байланыш аркылуу сүйлөштү.

SUPER.KG порталына өздүк булактар эки балбандын беттеши Бишкек шаарында өтүшү мүмкүн экендигин билдиришти. Эки балбан Роман Власов менен Акжол Махмудовго уюшулган атайын беттеште кез келиши мүмкүн.

Кечээ, 10-декабрда Виктор Чобану Жоламан Шаршенбековго чакыруу таштаган. Көп өтпөй эле анын чакыруусуна кыргыз балбаны жооп берген.

Бул эки балбан алгач 2020-жылы Белград шаарында өткөн Дүйнө Кубогунда кез келип, Жоламан Шаршенбеков 8:0 эсебинде жеңип алган. Андан кийин балбандар "Токио-2020" Олимпиадасынын чейрек финалында кез келип, Чобану 8:0 эсебинде жеңген. Дал ушул беттештен соң Виктор Чобану жерде жаткан кыргыз балбанын жулкулдата кыйкырык салып, "мен уттум" дегендей кыр көрсөткөнү көпчүлүктүн эсинде калган.

Ал эми Дүйнө чемпиондугунун финалында кыргыз балбаны атаандашка 9:3 эсебинде утулуп калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.12.2021. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Моюнга алуу керек Чобану мыкты формада кучтуурок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: