super.kg logo

Айсулуу Тыныбекова АКШдан түз эле Баткенге барды. Баткен балбан кызды кандай тосуп алды? (фото)

 

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнөнүн 2 жолку чемпиону, Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова Баткен облусуна барды. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынан кабарлашты.

"Облус жетекчисинин Дүйнө чемпионун өлкө борборунан миң чакырым алыс аралыктагы аймагыбызга чакыргандагы максаты - Баткен облусунун жаш спортчуларына колдоо көрсөтүү жана спортту сүйгөн жаштарга дем-күч берүү болуп саналат", - деп билдиришти аталган мекемеден.

Айсулуу Тыныбекова Баткен облусуна болгон сапарынын алкагында алгач Баткен облусунун башчысы Абдыкерим Алимбаев менен бүгүн, 11-декабрда жолугушту.

Жолугушууда облус башчысы Айсулуу Тыныбекованы спорт жаатында жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, өз кезегинде чакыруусун кабыл алып, облустун жаш спортчуларына колдоо көрсөтүп келип бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирген.

Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүл Айсулуу Тыныбекова даңктуу жеңиштери менен Кыргыз өлкөсүн бир нече жолу дүйнөлүк аренага даңазалаганын, аны келечекте дагы албан-албан ийгиликтер күтүп жатканын өзгөчө белгилеген.

Өз кезегинде Айсулуу Тыныбекова облус башчысына, жылуу кабыл алгандыгы жана айтылган каалоо-тилектери үчүн ыраазычылыгын айтып, анын ар бир жеңиши өз өлкөсүнө арналарын айткан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(10)
11.12.2021. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-17
Азаматсын Айсулуу. Кыз-келиндерге чыныгы эркиндиктин, ийгиликтин үлгүсүн көргөзүп жатат бул айым. Көпчүлүк өлкөлөрдө, көбүнчө молдолор кожоюн кылган шарият өлкөлөрдө кыздарды диний негизде басынтып келишет. Бирок Айсулуу ошол басынган кыздарга үлгү.
11.12.2021. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
alimbek94,Айсулуу сага окшоп молдолорду басынтпайт, ал озу каалагандай журот ыймандуу,жонокой Кыз! Кудай колдосун спортчуларыбызды! А сен болсо акылдуу экенсин акылына таянып эч кимге"молдолорго"асылбай суйло
11.12.2021. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Ela93,
Өткөндө биздеги бир келесо молдо Айсулуну окорочка деп басынтканы акмачылык да. Атайлап дин баштарга жаман көргөзүү максатында ошондой акмак сөздөрүн сүйлөп жатат ошол келесоо сымал молдолор. Ошол сыяктуу молдолор Айсулуунун тырмагына да тең келе албайт.
11.12.2021. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
alimbek94, мал
11.12.2021. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
alimbek94,эртерээк тооба кылып улгуруп калгыла.кмцин кеч болуп калат
11.12.2021. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ela93,бул бир молдону сүйүп калып ал муну албай койгон окшойт. Молдолорго асылганы асылган, аябай катуу асылат болгондо дагы. Качан ошондой молдого жолукканда калбаса, калбайт бул кылыгы.
11.12.2021. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
alimbek94, Айсулуу динге каршы бир ооз суйлой турган болсо калпагынды асманга ыргытып энен эгиз туугандай суйунуп омур бою мисал кылып отот болушун керек. Айсулуу, Мээримдер Аллахты кошуп эле суйлошот го буга не дейсин?
11.12.2021. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Баткенге келбейт эч Ким деп наалый бересинер Баткендик туугандар кичине адамды сый урмат менен тосуп алууну дагы уйронсонор болгону 2 Адам тосуп алыптыр
11.12.2021. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bayern-munchen,Абайлап сүйлөөнү сунуштайт элем сизге
11.12.2021. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Jaraisyn,чындык энене дагы жакпайт болду окшойт ээ эртен Ошко Шевченко барат Эми Ош Эли кандай тосуп алаарын эртен коргуло и уйронгуло
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: