Министрлер кабинетинде өлкөдөгү пенсиялык системаны реформалоо талкууланды








Жыйындын жүрүшүндө Акылбек Жапаров жарандарды пенсия менен камсыздоо деңгээли мамлекеттин социалдык саясатынын натыйжалуулугун мүнөздөөчү көрсөткүчтөрдүн бири экендигин белгиледи.
"Салык жана бажы системасын реформалоо жыйынтыкталуу алдында турат. Келерки жылдын январь айынан тарта биз пенсиялык тутумду реформалоону пландаштырып жатабыз. Анын негизги максаты системанын жалпы катышуучулары үчүн бирдиктүү укуктук камсыздоо эсебинен адилеттүүлүктү жана натыйжалуулукту жогорулатуу жана пенсиялык камсыздоо принциптерин күчтөндүрүү", - деди Акылбек Жапаров.
Андан соң Социалдык фонддун "Келечек булагы" өнүктүрүү жана туруктуу экосистеманы куруу боюнча стратегиясы сунушталды.
Анда жарандардан акча алып, азыраак пенсия берген системанын үлгүсүнөн арылуу керектиги айтылды. Ошондой эле мамлекет жарандардын келечекте пенсия алуусунун кепилдиги катары пенсия системасын аныктап, каражаттарды чын дилден которо тургандай Социалдык фондго карата мамилесин өзгөртүшү керектиги белгиленди.
Стратегиялык талкуунун жыйынтыгында, Акылбек Жапаров Социалдык фонддун жетекчилигине айтылган сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алып, аларды толуктап иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

