super.kg logo

Чолпон-Атада майнинг ферма уюштуруп, электр жарыгын уурдоо: РЭС башчысы канча чыгым келтиргени аныкталды

 

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында райондук электр тармактарынын башчысы тарабынан криптовалютаны өндүрүү үчүн майнинг ферма уюштурган райондук электр тармактарынын башчысы жалпы 1 миллион 17 миң сом зыян келтирген. Бул тууралуу "Чыгыш электр" ачык акционердик коомунан билдиришти.

"Мыйзамсыз кошулган майнинг-ферманын келтирген зыянынын суммасы 1 миллион 17 миң сомду түздү. Учурда каражаттын ордун толтуруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Ошондой эле "Чыгыш электр" ААК алдыда мындай мыйзам бузууларды болтурбоо максатында ишкананын кызматкерлери арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө", - деп жазылат билдирүүдө.

8-декабрда УКМК Чолпон-Ата шаарында райондук электр тармактарынын башчысы тарабынан криптовалютаны өндүрүү үчүн майнинг ферма уюштуруу фактысы аныкталганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: