ИИМ эки университеттин студенттери үчүн ачык эшиктер күнүн өткөрдү






Бүгүн, 11-декабрда ИИМдин Ички аскерлеринин командачылыгында И.Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин жана Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин студенттери үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
Ачык эшиктер күнүндө алгач Ички аскерлердин биринчи кол башчысы, генерал-майор Анарбек Шамкеевди эскерүү иш-чарасы өткөрүлүп, командачылыктын аскер кызматчыларынын, ардагерлердин, студенттердин жана Анарбек Шамкеевдин жакын туугандарынын катышуусунда эстелигине гүл чамбарлар коюлду.
"Ички аскерлердин кыскача тарыхы тууралуу даректүү тасма тартууланды. Ички аскерлердин музейине, жоокер ашканасына жана жоокерлердин казармага болгон экскурсия учурунда студенттерге тамак-аштын сапаты, жоокерлерге түзүлгөн шарттар жана Ички аскерлердин ишмердүүлүгү менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк болду", - деп билдиришти ИИМден.
Иш-чаранын соңунда студенттердин назарына 702 жана 714 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары тарабынан даярдалган саптык даярдыктын көнүгүүлөрү жана кол уруш боюнча ыкмалар тартууланып, аскердик техниканын жана курал-жарактын көргөзмөсү менен аяктады.

