"Баш байге эки бөлмөлүү батир". Муфтият өткөргөн китеп окуу конкурсуна 10 миң жаран катышты





Кечээ, 11-декабрда өлкө аймагында Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын дин башкармалыгы жана Кыргыз ислам университети тарабынан уюштурулган «Илимдүүнү ийгилик издейт» китеп окуу конкурсуна катталган 10 миң жаран өз күчтөрүн сынады. Бул тууралуу Муфтияттан кабарлашты.
Конкурс «Ыйман бутактары», «Өчпөс өмүр», «Бакыт ордосу» аттуу 3 китептен өткөрүлдү.
"Бул жолу китеп окуу конкурсубуз жогорку маанайда өтүүдө. Катышуучуларыбыздын дагы активдүүлүгү байкалып, эң негизгиси жакшы даярдык көрүшкөндүгүн көрүүгө болот. Өлкөбүздө китеп окуган муундарыбыз көбөйсүн", - деген муфтийдин орун басары Жоробай Шергазиев.
Ал эми КИУнун проректору конкурска жалпысынан 10 миңден ашуу жаран катталып, аймактарда жогорку деңгээлде өткөндүгүн билдирген.
"Конкурс жарандарыбызды китепке жакын, китеп менен дос болуусу үчүн уюштурулууда. Бүгүн жаштарыбыздын китеп окууга болгон кызыгуусу артып бараткандыгын байкадык. Себеби конкурска катышкандардын басымдуу бөлүгү жаштар. Андыктан биз инсандарды китеп окуп, билимдүү болууга чакырат элек", - деген Муфтияттын окуу бөлүм башчысы Равшан Эратов.
Ал эми китеп конкурсу Ош шаарында дагы жогорку деңгээлде өтүп, катышуучулар "Сайида Хадича" медресесинде жана КИУнун Ош колледжинде тест тапшырышты.
Эскерте кетсек, китеп окуу конкурсунун башкы байгеси эки бөлмөлүү батир.
Ар бир китептин жеңүүчүлөрүнө төмөндөгүдөй сыйлыктар берилет:
1-орун 50 000 сом
2-орун 40 000 сом
3-орун 30 000 сом
4-орун 20 000 сом
5-орун 10 000 сом
6-10-орундарга кызыктыруучу белектер берилет. Үч китептин жеңүүчүлөрү баш байгеге чүчүкулак тартышат.

