Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына жумушчу сапары менен барат
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына жумушчу сапары менен барат. Сапардын жүрүшүндө бир катар жолугушуулар өтөт.
Министрлер кабинетинен белгилешкендей, Акылбек Жапаров Дубай шаарындагы "EXPO 2020" көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын улуттук күнүнө арналган иш-чарага катышып, "Dubai Smart City" жана шаарларды туруктуу өнүктүрүү концепциясына негизделген технологиялык экошаардын долбоору саналган Абу-Даби шаарындагы "Masdar City" менен таанышат.
Төраганын жумушчу сапарынын алкагында "Кыргызстан - Бириккен Араб Эмираттары-2021" туристтик роуд-шоу, бизнес-форуму өтөт, анын жүрүшүндө B2B форматындагы жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр өткөрүлмөкчү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
3:33
2025-07-23
2:45
2025-07-23

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.