Дубайда "Кыргыз өлкөсү - Бириккен Араб Эмираты - 2021" туристтик роуд-шоу иш-чарасы өттү
Дубай шаарында «EXPO 2020» Кыргыз Республикасынын Улуттук күнүнүн алкагында туристтик роуд-шоу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Азамат Жаманкулов куттуктоо сөзүндө белгилегендей, Кыргыз өлкөсү туризмдин бардык түрү, анын катарында окуялуу, экологиялык, этномаданий жана тарыхый туризм үчүн маанилүү туристтик потенциалга ээ.
"Биз жылдын бардык мезгилинде дүйнөнүн бардык бурчунан келген туристтерди тосуп алууга даярбыз. Бизде туризмдин бардык түрлөрү үчүн идеалдуу шарттар бар: рафтинг үчүн дарыялар, альпинисттер үчүн бийиктиги 7 миң метрден бийик тоолор жана биздин берметибиз – Ысык-Көлүбүз бар. Биздин республика 4 жыл мезгилин бир убакытта көрүүгө мүмкүн болгон өлкөлөрдүн бири деп ишенимдүү айта алам", - деди Жаманкулов.
Туристтик роуд-шоу эки өлкөнүн туристтик компанияларынын ортосунда ишкердик мамилелерди түзүү жана бекемдөө, потенциалдуу жергиликтүү өнөктөштөрдү издөө, ошондой эле чет элдик өнөктөштөр үчүн Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу түшүнүк алуусу жана анын жагымдуулугун баалоосу максатында өткөрүлдү.
Туристтик роуд-шоуга эки мамлекеттин туристтик уюмдарынын 50дөн ашык өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын туристтик операторлору менен Бириккен Араб Эмиратынын бир катар туроператорлору ортосунда кызматташуу жана туристтерди алмашуу боюнча келишимге кол коюлду.
* Роудшоу (роуд-шоу) – регион/өлкө/өлкөлөр боюнча тур, анын жүрүшүндө бизнесмендер инвесторлор жана ири кардарлар менен жеке жолугушууларды өткөрөт.

