super.kg logo

Бишкек ШИИББи каза болгон Сыргак Айткурмановдун өлүмү боюнча маалымат таратты

 

Бишкек ШИИББи каза болгон ИИМдин тергөө кызматынын мурдагы башчысы Сыргак Айткурмановдун өлүмү боюнча маалымат таратты.

"Бүгүн саат 06:50 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунан чалуу болуп, белгисиз жаран эс-учун жоготкон абалда келип түшкөнү кабарланган.

Тергөө тобу ооруканага барганда ал 1977-жылы туулган Сыргак Айткурманов экени аныкталган. Ал жандандыруу бөлүмүнө баш мээсинен жаракат алып түшкөн. Жанынан документтери жана телефону алынган.

Бул факты Свердлов РИИБинде каттоого алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Териштирүү иштеринде Айткурманов Гоголь жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинен табылып, "Тез жардам" аркылуу ооруканага келип түшкөнү аныкталган. Болжолдуу саат 12:00 чамасында ал эсине келбей каза болгон.

Алдын ала экспертизанын жыйынтыгы боюнча боордун өнөкөт оорусу жана ашказанынын кан тамырлары кеңейип кеткен. Ичеги карынынан кан кеткен. Меллори-Вейс синдрому", - деген жыйынтык чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: