Футбол: Серхио Агуэро карьерасын жыйынтыкташы мүмкүн. Бул боюнча ал 15-декабрда кайрылуу жасайт
"Барселона" футболдук клубунун аргентиналык чабуулчусу Серхио Агуэро карьерасын жыйынтыкташы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, аргентиналык футболчу жүрөк оорусунан улам футболдук карьерасын токтотуу боюнча акыркы чечимди кабыл алган жана чечимин 15-декабрда жарыялайт.
Эске сала кетсек, чабуулчу футбол боюнча Испания чемпиондугунун алкагындагы "Алавес" клубуна каршы оюндун биринчи бөлүгүндө алмаштырылган. Беттештен кийин Агуэронун абалы жакшы экени айтылган. Кийинчерээк форвард жүрөк оорусунан улам кеминде үч ай оюнга чыкпай турганы белгилүү болгон.
Агуэро "Барселона" клубуна ушул жылдын июль айында "Манчестер Сити" клубунан эркин агент катары өткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.