super.kg logo

Сабырбек Жумабеков Казакстандын президенти тарабынан сыйланды

 
Белгилүү хирург Сабырбек Жумабеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тарабынан төш белги менен сыйланды. Ал Казакстандын медицина илимине жана коңшу өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагына кошкон салымы үчүн сыйланганын Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунан кабарлашты.
Маалым болгондой, профессорго "Казакстан тауэлсиздигине 30 жыл" төш белгиси ыйгарылды.
Белгилей кетсек, Сабырбек Жумабеков 2013-жылы Казакстандын "Достук" ордени менен сыйланган. Ал 2014-жылы Казакстандын Кыргыз жергесиндеги ардактуу консулу болгон.
Хирургдун жетекчилиги астында илимдин докторлугун жана кандидаттыгын жактагандар бүгүнкү күндө Казакстандын бардык аймактарында эмгектенишет.
Сабырбек Жумабеков Казакстандын 3 жарым миңден ашуун жаранына операция жасаган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.12.2021. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Колдо бар алтындын баркы жок деген чын ...
Ушул инсанга, жакшынакай, заманбап аппараттарын алып берип,шарт түзүп берсек канчалаган адамдардын сообуна калат эле...Азыр да жаман эмес,колунан келишинче иштеп жатат...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: