super.kg logo

"Орто жалпы билим алууга балдардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыкка кол коюлду

 

Президент Садыр Жапаров “Башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим алууга балдардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарлык Кыргыз жарандарынын билим алууга конституциялык укугун ишке ашыруу жана башталгыч, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүнү камсыз кылуу, жалпы билим берүү мекемелеринин биринчи класстарына кабыл алынуучу окуучулардын контингентин сарамжалдуу пландаштыруу үчүн зарыл шарттарды түзүү, окубаган балдарды аныктоо жана алардын билим алуусу боюнча чараларды көрүү максатында иштелип чыккан.

Документтер белгиленгендей, билим берүү ар бир коомдун жана мамлекеттин тарыхында маанилүү ролду ойнойт. Ар бир өлкөнүн келечеги билим берүүнү өнүктүрүүгө байланыштуу болот. Анын деңгээли инсандын жана улуттардын заманбап дүйнөдөгү социалдык статусун аныктайт. Билим берүү коомду модернизациялоонун объектиси гана эмес, анын субъекти, кубаттуу рычагы жана ички ресурсу болуп эсептелет, себеби ал коомдук өнүгүүнүн процессинде улуттун интеллектуалдык жана руханий дараметин топтоонун жана өнүктүрүүнүн негизги фактору болот.

"Балалыктын ыңгайлуу чөйрөсү менен чектелген баланы өнүктүрүү үчүн биринчи кезектеги шарт болуп бардык түрдөгү жана формадагы билим берүү, өзгөчө ар бир баланын жашоосундагы эң узак жана жооптуу этап менен тыгыз байланышкан мектептеги билим берүү эсептелет. Терең социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр жүрүп жаткан мезгилде Кыргыз мамлекетинде балалык үчүн тобокелдиктин факторлору курчуду. Ошол эле учурда мектеп иш жүзүндө балалыкты коргоонун жападан жалгыз социалдык институту болуп калды. Бирок мектептин, ошондой эле жалпысынан билим берүү системасынын мамлекет жана коом тарабынан өз убагында толукталбаган ресурстук мүмкүнчүлүгүнүн төмөн болушу бул абдан маанилүү социалдык миссияны талаптагыдай деңгээлде аткарууга мүмкүндүк бербей жатат.

Жалпы билим берүү мектептерине барбаган балдардын санынын өсүшү Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын актуалдуу маселелеринин бири болуп эсептелет. Айылдарда жана шаарлардын райондорунда жашаган мектепке чейинки жана орто мектеп жашындагы көптөгөн балдар мектепке барбайт же дайыма барып турбайт. Мектепке таптакыр барбаган же окуусун үзгүлтүккө учураткан, сабактарга катышпаган балдар туш болгон проблемалар азыркы мезгилде кыйла татаал болуп эсептелет жана балдар аларды өздөрү чече албайт.

Алардын айрымдары ата-энесине жардам берүү үчүн иштөөгө аргасыз болсо, айрымдарынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү, ал эми кээ бири начар үй-бүлөдө жашайт. Талаада, жайлоодо ата-энесине жардам берүүгө, тамак табуу үчүн иштөөгө, инилерин, карындаштарын, сиңдилерин кароого тийиш болгон үй-бүлөлөрдө жашаган балдар бар. Ата-энелер өздөрү жашы жеткен балдарын мектепке жиберүүнү каалабаган же аларга билим берүүнү милдеттүү деп эсептебеген учурлар көбөйүп жатат.

Улуттук статистика комитетинин жана Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, учурдагы окуу жылынын башында 2,5 миңден ашык бала жалпы билим берүү уюмдарына окууга келген эмес. Түзүлгөн кырдаалдын себептери болуп ата-энелердин материалдык кыйынчылыктары (балдарын кароо жана мектепте окутуу үчүн финансылык каражаттарынын жоктугу), ата-энесине жардам берүү жана иштөө зарылчылыгы, ата-энелердин диний себептер боюнча балдарын мектепке жиберүүдөн баш тартуусу, ата-энесинде балага деген документтердин жок болушу, бир туугандарынын балага көңүл бурбоосу (ата-энеси миграцияга кеткен учурда) эсептелет.

Бул маселеге чара көрүү боюнча максаттуу мамлекеттик саясат балдардын ар кандай категорияларына, анын ичинде майып балдарга, аярлуу категориядагы үй-бүлөлөрдөгү балдарга билим алуунун жеткиликтүүлүгүн, жалпысынан сапаттуу билим алуунун жеткиликтүүлүгүн көбөйтүүгө тийиш", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: